• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статком: Түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин саны дээрлик 2 эсеге көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-сентябрында республиканын экономикасынын финансы секторунда 14 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, алардын кирешелери 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,3 эсеге өсүп, 1,3 млрд сомду түздү. Мында, кирешелердин негизги көлөмү (алардын жалпы суммасынын 81%ы) келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен алынды.

Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары ушул мезгил ичинде 1,4 эсеге көбөйдү жана бир млрд. сомду түздү. Мында, чыгымдардын жалпы суммасынын 35% камсыздандыруу мүчөлүк салымдарын (сыйлыктарды) төлөп берүүгө, кайра камсыздандырууга карата берилген чыгымдарга жана 31% - ишти жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарга туура келди.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 257 млн. сомго жакын сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5 млрд сомго көп.

2021-жылдын 1-октябрына карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 177 миң камсыздандыруу келишимдери түзүлдү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 1,7 эсеге көп. Муну менен бирге, түзүлгөн келишимдеринин жалпы санынын 87%ы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Түзүлгөн келишимдеринин жалпы санынын 73 пайызы ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө туура келди.

Камсыздандыруу түрлөрү боюнча түзүлгөн келишимдердин саны

Нет описания.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 2021-жылдын 1-октябрына карата өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүү менен 669 млрд сомду түздү. Камсыздандыруу суммасынын эң көп көбөйүүсү ыктыярдуу жоопкерчиликти камсыздандыруу жана жеке туризм камсыздандыруу келишимдери боюнча белгиленди.

2021-жылдын январь-сентябрында бир млрд сом камсыздандыруу салымдар келип түштү, бул өткөн жылдын январь-сентябрына караганда 1,6 эсеге көп.

Жылдын башынан тарта 6 миңден ашык камсыздандыруу учурлары белгиленди, алардын ичинен 67%ы ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Камсыздандыруу төлөп берүүлөрдүн жалпы суммасында 48 пайызы ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга жана 28 пайызы - жеке медициналык камсыздандырууга туура келди.

Пикир

Оставить комментарий