• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Статкомдо 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-февралда, Улуттук статистика комитетинде 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коллегиялык отурумга министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев катышты.

Улуттук статистика комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча сөз сүйлөп, алдыдагы Статкомдун максаттары жана багыттарына кеңири токтолду.

Улуттук статистикалык комитеттин алдында чоң маанилүү саамалык турат – ал ушул жылдын жазында өтө турчу Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо. Анын алкагында, коллегиянын катышуучулары Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев кесиптештерин эл каттоого көрүлүп жаткан даярдык иштери тууралуу кенен маалымат берди.

Коллегиянын отурумунун алкагында Улутстаткомдун аймактык башкармалыктарынын башчылары өткөн жылдагы аткарылган иштер тууралуу маалымат беришип, алдыга койгон максаттар менен бөлүшүштү.

Пикир

Оставить комментарий