• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Степное айылында 15 жаштагы кызды ала качып зордуктаган жигит кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Чүй облусунун Степное айылында 6нан 7-июлга караган түнү жигит никеге туруу максатында 15 жаштагы кызды ала качкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан (ИИБ) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыздын 44 жаштагы атасы милицияга кайрылып, белгисиз жигит унаа менен кызын ала качып кеткендигин билдирген. Окуя болгон жерге Чүй ОИИБнин ыкчам кызматкерлери барып, кыздын кайсыл жерде экендигин аныкташкан.

Окуяга шектүү катары 23 жаштагы жигит кармалды. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кармалган шектүү жаран убактылуу кармоочу жайында, тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий