• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Стивел Сигал кайрадан Бишкекте. Актерду Исаков кабыл алат

Коом 0

Бишкек, 15.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Белгилүү актер Стивен Сигал Бишкекке келди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Стивен Сигал Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда өзүнүн идеялары менен бөлүшүү үчүн Кыргызстанга келген.

Өкмөттөн маалымдашкандай, бүгүн актерду Сапар Исаков кабыл алат.

Эске сала кетсек, Стивен Сигал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий