• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Страсбургда ок аткан кишинин ата-энеси кармалды

Дүйнө 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Франция полициясы Страсбургдагы Рождество жарманкесинде кол салган шектүүнүн туугандарын кармады. Анын ата-энеси жана эки агасы камакка алынды. Маалыматтарга караганда, аладын бирөө радикалдуу исламисттер менен байланышта болгон.

Шектүү өзү азырынча качып жүрөт. Аны издөө иштерине 700 киши тартылды. Франция ИИМи кылмышкер өлкөдөн чыгып кеткен болушу мүмкүн экенин да четке каккан жок.

Франциянын чыгышындагы Страсбург шаарында куралчан адам 11-декабрдын кечинде Иса пайгамбардын туулган күнүнө утурлай уюшулган базардын жанында ок аткан. Андан үч кишинин өмүрү кыйылган. Булардан тышкары 12 киши бычак жеп жараат алган. Полициянын маалыматына караганда, кол салууну Страсбургдун 29 жаштагы тургуну Шеккат Шариф жасаган. Шариф буга чейин ар кандай мыйзамсыз иштери үчүн Францияда эле эмес, Германия, Швейцарияда да жоопко тартылган. Немис полициясы Шеккат Шариф бир нече жыл мурда Германияда уурулук кылганы үчүн түрмөдө отурганын ырастады. Ал 2017-жылы Францияга депортацияланган.

Кол салууну Париж прокуратурасынын терроризм менен күрөшүү бөлүмү иликтөөдө. Францияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү, чек арада көзөмөл катталдаштырылды. Страсбургда демонстарция жана каршылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салынды.

Терактка байланыштуу Францияга көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери көңүл айтууда. Германия немис атайын кызматтары француз кесиптештерине тиешелүү колдоо көрсөтөрүн билдирди. АКШ президенти Дональд Трамп кол салууну айыптап, Америка чек араларында коопсуздук чараларын күчөтүүгө убада берди.

Пикир

Оставить комментарий