• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Стратегиялык кеңеш, өнүктүрүү жана инвестициялык фонд. КР жана Венгрия ТИМ башчылары эмнени талкуулады?

Саясат 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде Бишкекке Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тар жана кеңейтилген форматта Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийарто менен жолугушту.

Жолугушууда Казакбаев кесиптешине Кыргызстанга гуманитардык жүктү жеткирүүгө жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Күн тартибинде бир нече маселе турду. Аларды жүзөгө ашыруу үчүн Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча кызматташтыктын жол картасын түзүү талап кылынат.

“Стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында биз азыр кеңири талкуулаган кыргыз-венгриялык стратегиялык кеңешти түзүүнү маанилүү деп эсептейбиз. Ошондой эле жыл сайын стратегиялык кеңештин отурумдарын өткөрүп турууну сунуштайм. Өткөн жылы штаб-квартирасы Бишкекте жайгашкан уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондун түзүү боюнча маанилүү келишимге жетишилген. Бүгүн бул келишимге кол коёбуз деп үмүттөнөбүз. Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин алкагында инвестициялык фонд түзүү жөнүндө кеңири талкууладык. Биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда Ишкердик кеңеш түзүү боюнча келишимге кол коюуга даярбыз”, - деди Казакбаев.

Пикир

Оставить комментарий