• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Стресстен улам чач эмнеге агарат? — окумуштуулардын жаңы изилдөөсү

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Гарвард университетинин окумуштуулары эмне себептен чач стресстен улам ак басарын түшүндүрүштү. Бул тууралуу австриялык Der Standard басылмасы билдиргенин Известия сайты жазып чыкты.

Окумуштуулар кара түстөгү чычкандарга изилдөө жүргүзүшкөн. Адистер чычкандарды атайын стресске кабылтып, ар кандай ооруну сездиришкен. Жыйынтыгында алардын түктөрү агарып кеткен. Ал эми экинчи топтогу чычкандардын стресске жооп бере турган нерв системасын "өчүрүп" салган. Бул топтогу чычкандар изилдөөнүн жыйынтыгында эч өзгөрүүсүз калган.

Адистер мындай көрүнүштү стресске жооп бере турган нерв системасы организмди тынчсыздандырбагандыктан улам болгонун айтат.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, адам стресске кабылганда бөйрөк үстүндөгү бездер норадреналинди бөлүп чыгарат. Ал өз учурунда чачтын түптөрүндөгү меланоциттерге терс таасир тийгизет. Жыйынтыгында аталган клетка жок болууга дуушар болот.

Окумуштуулар бул көрүнүш адамдын организмине да тиешелүү болгонун белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий