• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Строкова: 14-августта Назарбаев менен жолугушканда Жээнбеков өкмөт башчы болуп турган

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.09.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен үстүбүздөгү жылын 14-августунда жолугушуу учурунда Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын премьер-министри болгон. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Евгения Строкова билдирди.

Депутат бул пикирин шайлоо алдындагы кампанияда КСДП партиясынын талапкери административдик ресурсту колдонуп жатат деген билдирүүлөрүнө жооп катары айтты.

“Бул учурда Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганын айтып койгум келет”, - дди Строкова.

Белгилей кетсек, кечээ өлкөдө талапкер Өмүрбек Бабановдун Казакстандын президенти менен жолугушуусу катуу талкууланды. КР ТИМ Казакстандын ТИМине нааразычылык нотасын жөнөттү. Казак тарап жооп нотасын жөнөтүп, анда бул талапкерлер менен биринчи жолугушуу эмес экенин, 14-августта Назарбаев С.Жээнбеков менен жолугушканын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий