• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Строкова: Балдарга карата болгон зомбулуктар үчүн жоопкерчилик – бул жалпы көйгөй

Коом 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Балдарга болгон зомбулуктар үчүн жоопкерчилик – бул жалпы көйгөй. Бул тууралуу “Балдарга болгон зомбулуктун жана балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова билдирди.

Анын айтуусунда, коомчулук бул көйгөйдү чечүү максатында биринчи кадам жасады.

“Өкмөттө өспүрүмдөргө жасалган зомбулуктарга каршы программа бар. Эгер мындай көйгөй коомчулукта бар болсо, андан арылуу абдан оор. Буга жаныбарларга карата жасалган зомбулуктар да кирет. Муну түшүнүү абдан маанилүү. Балдарда кичинекей кезинен туура түшүнүктөрдү калыптандыруу керек”, - дейт депутат.

Строкова эскерткендей, бул көйгөйдү жалпы күч менен чечүү керек, анткени жалгыз адам бул абал үчүн жоопкерчиликтүү боло албайт.

“Билим берүү министри суицид катталган мектептердин директорлору, мындан ары директор болуп иштей албайт деди. Бул туура эмес. Бул көйгөйдө бир адамды күнөөлөп коюу – бул түзүлгөн абалдан оңой кутулуунун жолу. Ар бир учурду өзүнчө кароо керек”, - дейт эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий