• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Студенттер арасында өткөн “Жеңиш ырын ырдайбыз” аттуу онлайн фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Жеңиш ырын ырдайбыз” аттуу студенттер арасында өткөн республикалык онлайн фестиваль-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттеринен фестивалга жалпы 400дөн ашуун материалдар келип түштү. Ал эми катышкандардын саны 1000ден ашты.

Жыйынтыгында обондуу ырлар номинациясында Талас мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Искендер Токтогулов 1-орунду, Ош гуманитардык -педагогикалык институтунун 4-курсунун студенти Майрамбек Шакиров 2-орунду алды.

Монолог окуу боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун - Уланбек кызы Гулнур, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы педагогикалык колледжинин 2-курсунун студенти;

2-орун - Кеңешбек кызы Уулкан, Ош мамлекеттик университетинин 1-курсунун студенти жана Дүйшөева Аяна Ысык-Көл индустриялдык-педагогикалык колледжинин 2-курсунун студенти,

3-орун- Кудайберди Арапбаев, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад университетинин алдындагы Жалал-Абад колледжинин 1-курсунун студенти, Акжол кызы Орозгүл, Баткен мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти жана Темирлан Маликов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 4-курсунун студенти.

Көркөм окуу боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун - Бектур Калиев, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенти;

2-орун - Бакытбек уулу Улукман, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин 3-курсунун студенти.

Кызыктыруучу сыйлыктар:

  • Уланбеков Эдил, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 1 -курсунун студенти;
  • Касыяров Тилекмат, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык -педагогикалык колледжинин 1- студенти;
  • Рыскулбекова Бегимай, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун 2-курсунун студенти;
  • Асанбекова Дамира, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2-курсунун студенти;
  • Атаналиев Марсель, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 1-курсунун студенти;
  • Рустамов Руслан, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын 4-курсунун студенти;
  • Калмуратова Элес, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма теартынын алдындагы театралдык окуу жайынын 3-курсунун студенти;
  • Чолпонбай кызы Нурсара, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин 1-курсунун студенти.

Байгелүү орунду алгандарга диплом, планшет, смартфон жана букридер берилет. Ал эми кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болгондорго китеп сатып алуу үчүн 3 миң жана 2 миң сомдук сертифкаттар тапшырылат. Ошондой эле фестивалга катышкан бардык студенттер фестивалдын дипломанты сертификаты менен сыйланат.

Пикир

Оставить комментарий