• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Студенттер арасында укуктуу таанытуу максатында Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары жолугушуу өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Жалал-Абад шаардык сотунун төрайымы Э.М.Сулайманова, судьясы К.Т.Үмөталиев жана судьянын жардамчысы Н.М.Абдивалиев Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин студенттерине 2017-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын сот системасынын калыптанышы жана реформалары жөнүндө ачык лекция өткөрүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотуна шилтеме берүү менен Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Лекцияны шаардык соттун төрайымы Э. Сулайманова ачып, сот органдарынын өлкөбүздө түптөлүшүнүн тарыхы жана азыркы күндө Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан сот реформасы жөнүндө маалыматты студенттерге берди. Андан кийин судья К. Үмөталиев Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алгандан кийинки учурда сот органдарынын түзүлүшү жана ага кирген жаңылануулары туурасында студенттерге маек куруп берди. Лекциянын алкагында судьянын жардамчысы Н. Абдивалиев, мамлекетибиз эгемендүүлүктү алгандан кийин жана ага чейинки сот системасынын иш жүргүзүүсүнүн айырмачылыктарына жана соттун өзүн-өзү башкаруу органдарынын функцияларына студенттердин көңүлүн бурду.

Кыргыз Республикасында сот системасынын иштөөсүнүн тартибин түшүндүргөндөн кийин лекторлор студенттерге кылмыш жасоонун, ар кандай укук бузууга же мыйзамга баш ийбөөчүлүккө баргандан кийинки терс кесепеттери боюнча кеңири маалымат беришип, студенттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сыйлоого жана урматтоого чакырышты.

Бул иш-чара студенттердин суроолору менен коштолуп, аларды кызыктырган теориялык суроолоруна судялардан жана соттун кызматкеринен практикадан алынган жоопторду алышты.

Ачык лекциянын аягында, сот системасынын өкүлдөрү, ушул сыяктуу лекцияларды кезеги менен өткөрүп туруусун, теорияны практика менен айкалыштырып, студенттердин өз укуктары жана милдеттери боюнча билим алуусуна салымдарын кошуп тураарын айтып кетишти.

Пикир

Оставить комментарий