• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Айрым студенттер февралда кадимки тартипте окуй баштайт – министрлик

Билим 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Жогорку окуу жайлардын студенттери февраль айында жазгы семестрди кадимки тартипте баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Нет описания.

Анын айтымында, ЖОЖдордо бүтүрүүчү курста жана магистратурада окугандар, ошондой эле медицина тармагында билим алган студенттер салттуу режимде окушат.

"Кадимки тартипте билим алган студенттерди 2-3 сменге бөлүү каралган. Бир аудиторияда 15-20дан ашпаган адам болуп, социалдык аралык сакталышы керек. Адамдардын топтолушуна жол берилбеши керек", - дейт ал.

Өмүров окуу жайларда гуманитардык сабактар онлайн режиминде жүргүзүлөрүн белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий