• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Студенттердин окуу акысы. Билим берүү министри ректорлор менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 15.01.21./Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү, - деп кабарлайт ведомствонун басма сз кызматы.

Маалыматка ылайык, жыйналышта ЖОЖдордун ректорлору тарабынан окуу акынын айланасында жаралган кырдаалга байланыштуу маалымат берилди.

Министр жаралган көйгөйдүн алкагында ар бир ректорго жогорку окуу жайдын деңгээлинде жыйналыш уюштуруу жана ар бир студентке индивидуалдык мамиле жасоо, алар менен тыгыз иштешүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле студенттерге жогорку окуу жайдын абалы, мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүүнү, жаралган көйгөйлөрдү студенттер менен биргеликте талкууга коюуну тапшырды.

Жыйындын соңунда министр жогорку окуу жайлардын кайрадан ачылышында студенттердин, мугалимдердин, техникалык персоналдын ден соолугу биринчи орунда экендигин баса белгилеп, санитардык эрежелердин сакталышына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий