• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Студенттерге окуу материалын жеткирүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн - Өмүров

Билим 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Студенттер менен кайтарым байланыш боюнча айтсак, окуу жайларынын басымдуу көпчүлүгүндө маалыматтык система АVN кеңири жайылган. Бул тууралуу өкмөттөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, студенттерге окуу материалын жеткирүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. “Ар бир мугалимдин өздүк кабинети бар. Алар студенттер менен чат режиминде, видео вебинар опциясы аркылуу байланыша алат, ошондой эле ар бир мугалим документтерди ар кандай форматта жиберип жана ала алат”, - деп кошумчалады ал.

Ал белгилегендей, электрондук зачеттук китепче системасы 5-6 жылдан бери кирип иштеп келе жатат. Бул багытта эч кандай тоскоолдуктар жок. “Ар бир мугалимдин өзүнүн методикасына жараша жогорку окуу жайларында ар бир студент менен коммуникациялык каналдары түзүлгөн, электрондук почталар, мессенджерлер, скайп ж.б.”, - деди ал.

Өмүров кошумчалагандай, айрым студенттердин интернетке кошулуу мүмкүнчүгү жок болушу ыктымал. Бул жаатта министрлик тараптан иштер жүрүп жатат. “Билим берүү жана илим министрлиги студенттерди ЖОЖдордун АVN системасына интернет тармагына кошулбастан кирүүгө уруксат берүү боюнча уюлдук операторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

“Уюлдук операторлорду студенттерге “Кел Бил” тиркемесин ж.б.у.с. айрым ЖОЖдордун билим берүү ресурстарына аралыктан жеткиликтүүлүктү камсыз кылган мобилдик тиркемелерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө чакырат элем”, - деди билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров.

Пикир

Оставить комментарий