• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Студенттерге президенттик стипендияга ачык конкурс жарыяланды - шарттары

Президент 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы № 124 “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгына ылайык, мыкты окуусун изилдөөчүлүк иш жана активдүү коомдук иш менен ийгиликтүү айкалыштырып айырмаланган студенттерге (курсанттарга) финансылык колдоо көрсөтүү максатында 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу боюнча ачык конкурс жарыяланат.

Бул конкурска байланыштуу бардык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине (+312) 662842, 620465 телефондору боюнча кайрылууну өтүнөбүз.

Пикир

Оставить комментарий