• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

СУАР эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү, КЭР Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй баштаган кытай делегациясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда транспорт, логистика, энергетика, айыл чарба, туризм, маданият жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү каралды.

Министрлер кабинетинин башчысы кыргыз-кытай мамилелери жакшы коңшулук, достук, кызматташтык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделип прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

“Кытай менен достук мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналат”, - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Ал кошумчалагандай, учурда кыргыз тарап өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча активдүү иш алып барууда.

Кытай Кыргыз Республикасынын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү экенин эске алып, Министрлер Кабинетинин башчысы СУАРдын мамлекеттик жана жеке ишканаларын, компанияларын тоо-кен, айыл чарба тармагында жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика, транспорт жана логистика боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Акылбек Жапаров транспорт-логистика тармагындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурду, тагыраагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарында инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, динамикалык жана инвестициялык кызматташууга тоскоол болгон айрым чектөөлөрдү алып салуу жана соода жүргүзүүдө өз ара пайдалуу шарттарды түзүүнү кошумчалады.

Өз кезегинде Ма Синжуй эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, коронавирус пандемиясына карабастан, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода жүргүзүүдө жакшы көрсөткүчтөргө жетишилгенин белгиледи.

“СУАР өз ара соода жүргүзүүнүн өсүү тенденциясын сактап калуу үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоого жана Кыргыз Республикасында ыңгайлуу бизнес жүргүзүү үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн эске алуу менен, ошондой эле кытай инвестицияларын тартууга даяр”, - деп белгиледи ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында кытай делегациясынын башчысы Акылбек Жапаровду СУАРга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий