• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Субакожоева: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча саясий пикир келишпестик жок

Коом 0

Бишкек, 04.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча саясий пикир келишпестик жок. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева билдирди.

Анын айтымына караганда, долбоорду максатуу ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын президенти, Кытай төрагасы жана Өзбекстандын мамлекет башчысы менен сүйлөшүлгөн.

“Сөз жолдун кыргыз тилкесиндеги курулушу тууралуу болуп жатат. Биздин жол менен Өзбекстандын темир жолун туташтыруу боюнча маселе жок. Активдүү түрдө үч тараптуу процесс жүрүүдө. Өзбекстан темир жолдун курулушу боюнча каршы эмес. Бир нече каттам бар, анын ичинде түндүк жана түштүк”,-деди ал.

Субанкожоева билдиргендей, Кыргызстандын президенти тарабынан каттамды улуттук кызыкчылыктардын негизинен улам аныктоо маселеси коюлган.

Пикир

Оставить комментарий