• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Субакожоева: Жээнбеков расмий визит менен Тажикстанга барат

Президент 0

Бишкек, 31.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 31-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифинг өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Айзада Субакожоева Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кошуна мамлекеттерге расмий сапарлары уланып жатканын, Мамлекет башчысы 2018-жылдын 1-2-февралында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Душанбеге расмий визит менен бара турганын белгиледи. Бул сапар мурда болжолдонгон, ошондуктан эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволору бул иш-чарага карата кылдат даярдык көрүштү.

Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын сөзү боюнча, сапар учурунда Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен тар жана кеңейтилген форматтарда жолугушат. Ошондой эле Мамлекет башчысынын Тажикстан Республикасынын Премьер-министри жана парламент спикери менен жолугушуулары да пландаштырылган.

Маалымдалгандай, сапардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын бардык олуттуу маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча пикир алмашуу болот.

«Күн тартибинде бир катар олуттуу маселелер бар. Соода-экономикалык өз ара аракеттешүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот. Өлкөлөр ортосунда товар алмашуу өсүп жатат, бирок, анын темпи колдо бар мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келбейт. Ошондуктан тараптар бул багыттагы иштерди активдештирүүнү пландашууда», - деп белгиледи Айзада Субакожоева.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга расмий визитинин жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлат, эки Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Пикир

Оставить комментарий