• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Судьялар кеӊешине караштуу Тартип комиссиясын түзүү сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилер – А.Кодуранова, А.Шадиев, Т.Тиллаев, М.Сабиров, К.Керезбеков, А.Токторов, Г.Асылбаева, Д.Аттокуров

Депутаттар тобу судьялардын тартип бузуу жосундарын карай турган Судьялар кеӊешине караштуу Тартип комиссиясын түзүү демилгесин көтөрүүдө. Мыйзам долбооруна ылайык, анын курамы 9 адамдан туруп, алар КР Президенти, Жогорку Кеӊеш, Судбялар кеӊеши тарабынан сунушталат.

Комиссия мүчөлөрүнүн жалаӊ судьялардан турушун жактаган Жогорку соттун төрайымынын орун басары Феруза Жамашева судьядардын жаӊылыштыгын алардын өзүнөн артык эч ким белбей турганын белгиледи. «Мен комиссиянын курамын жалаӊ судьялардан түзүү сунушун бергемин, бирок колдоо тапкан жок. Ошентсе да, анын басымдуу бөлүгү судьялардан турушу керек», - дейт ал.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов Тартип комиссиясынын курамына депутаттарды киргизүү сунуштады. Ага Жогорку соттун өкүлү: «сот тутуму өзүнчө бийлик бутагы болуп саналат, ошондуктан анын ишине башка бийлик бутагы кийлигише албайт», - деген жообун берди.

Пикир

Оставить комментарий