• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Судьялар кеңеши арыз берген: Жээнбеков бир нече сотторду кызматтан алды

Президент 0

Бишкек. 13.04.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облустук сотунун судьяларын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Судьялар кеңеши берген арыздарына ылайык Ош облустук сотунун судьялары Шамшиев Абдрасул Абдрахмановичтин жана Матраимов Назымбек Турдалиевичтин өз каалоолору менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө президент Сооронбай Жээнбековго сунуш киргизген.

Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы судьянын кынтыксыздыгы боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Чоткараев Эрнис Устабаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө президентке сунуш киргизген.

Мамлекет башчысы бул сунуштарды карап чыгып, Ош облустук сотунун судьялары Шамшиев Абдрасул Абдрахмановичтин, Матраимов Назымбек Турдалиевичтин жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Чоткараев Эрнис Устабаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий