• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Судьялар жазык мыйзамдарын реформалоонун концептуалдык негиздерин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 18.04.18 /Кабар/. Чүй жана Бишкек шаарынын судьялары Кылмыш-жаза мыйзамдарын реформалоонун концептуалдык негиздери деген аталыштагы маалыматтык семинарга катышышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Анда, жаңы Жазык Кодексинде Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарын реформалоонун концептуалдык негиздери, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодекси, соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы Жазык-процесстик кодексинин өбөлгөлөрү жана новеллалары, Жазык-аткаруу кодексинин концепциялары жана жаңылыктары, ошондой эле “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамы презентацияланды жана талкууланды.

Семинардын модератору — «Сорос — Кыргызстан» фондунун укуктук программасынын координатору Тахмина Ашуралиева “Сот реформасы туура багытта ишке ашышы үчүн, анын маңызын түшүнүү зарыл” деп белгиледи.

Маалыматтык семинарды өткөрүүнүн максаты жазык мыйзамдарынын новеллалары менен тааныштыруу, бирдиктүү укукту түшүнүү жана укук колдонууга жетишүү, сот адилеттигин жүргүзүүдө бирдиктүү сот практикасын келечекте иштеп чыгуу болуп саналат.

Айта кетсек, 2019-жылдын 1 –январынан тартып жаңы кылмыш-жаза мыйзамдары күчүнө кире баштайт. Бирок, буга чейин соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы кодекстер менен мыйзамдарды иштеп чыгуу үчүн ар бир ведомстводон өкүлдөр кирген 15 адамдан турган жумушчу топ түзүлгөн. Аталган топ эки жарым жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Жазык мыйзамдарынын новеллаларын иштеп чыгышкан.

Семинарда маалым болгондой, өткөн жылдын октябрь айынан тартып, ушул жылдан март айына чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексин, жоруктар жөнүндөгү кодексин, кылмыш-процессуалдык кодексин, кылмыш-аткаруу кодексин күчүнө келтирүү боюнча 7 мамлекеттик түзүмдөн турган 44 тренер даярдалып чыккан.

Аталган тренерлер Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын негизинде соттук өндүрүш боюнча сунуштамалар , окуу модулдары менен толук камсыздалган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан түзүлгөн окуу планына ылайык эми бул тренерлер атайын тренингдерди өткөрө башташат. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан 12 модулдун биринчиси судьялар үчүн өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана «Сорос — Кыргызстан» Фондунун Укуктук программасы менен биргеликте уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий