• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Судьяларды ротациялоо: Ар бир судьяга талап катуу коюлууда

Коом 0


Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде кол койгон жарлыкка ылайык, жергиликтүү соттордун айрым иштеп жаткан судьялары башка жергиликтүү сотторго которулган.

Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун сунушуна ылайык, жергиликтүү сотторунун айрым судьялары которулду.

Нарындан Ысык-Көл облустук сотуна судья болгон Алдаярбек Абдыбеков судьялардын көчүп-конгону, турак жай меселеси толугу менен чечилип жатканын айтты.

“Ар бир судьяга азыр талап катуу коюлуп жатат. Жогорку соттун жетекчилиги тарабынан ишти кароонун сапатына, тартипке көзөмөл күч болууда. Муну туура деп эсептейм”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облустук сотуна жалпы жети судья келген.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен которулган судьялардын тизмеси менен бул жерден таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий