• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Судьяларды ротациялоо – сот адилеттигин жакшыртат

Коом 0


Бишкек, 22.05.22. /Кабар/. Жаналы Батырбеков судьяларды ротациялоонун алкагында Оштон Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна судья болуп келди.

Анын айтымында, судьялар жер которгонуна карабастан алардын негизги милдети мыйзамга кызмат кылуу бойдон кала берет.

“Бир орунда көпкө чейин иштөө кызыкчылыктардын кагылышына алып келиши мүмкүн. Анткени кошуна, дос-тааныштар келе баштайт. Кыргызда “Ыймандуу бийде тууган жок. Туугандуу бийде ыйман жок” деген сөз бар эмеспи, калыс чечим чыгарууга көп тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде кол койгон жарлыкка ылайык, жергиликтүү соттордун айрым иштеп жаткан судьялары башка жергиликтүү сотторго которулган.

Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында жана Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун сунушуна ылайык, жергиликтүү сотторунун айрым судьялары которулду.

Пикир

Оставить комментарий