• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Судьяларды тандоо кеңешинин 24 мүчөсү 9 адамга чейин кыскарды

Коом 0

Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети Судьяларды тандоо боюнча кеӊештин мүчөлөрүн материалдык жактан колдоо максатында иштелип чыккан "КР Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Демилгечилер – депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Курманкул Зулушев.

Демилгечилердин айтымында, сунушталган мыйзам долбоорунун негизги максаты Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн материалдык сыйакы менен камсыз кылуу болуп саналат.

Кеңештин иштөө убагында анын мүчөлөрү өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат жана алардын негизги иш орду боюнча эмгек акысы сакталат.

Мурда Судьяларын тандоо боюнча кеңештин 24 мүчөсү болгону, азыр ал 9 адамга чейин кыскарганы белгилүү болду.

"Судьяларын тандоо боюнча кеңешке мӊчө адвокаттардын өз кесиби боюнча иштөөсүнө тыюу салынгандыктан, материалдык жактан кыйналып турушат. Ошондон улам, аларга айына 25 миӊ сомдон сыйакы чектөө сунушталууда. Эгерде кеӊештин мүчөсү кызматта иштесе, ага сыйакы төлөнбөйт. Мыйзам долбооруна Өкмөттүн карщылыгы жок", - деди баяндамачы.

Пикир

Оставить комментарий