• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына сунушталган талапкерлерди парламенттин кароосуна жиберилди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 19-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлердин маселеси каралды.

Аталган комитеттин төрагасы Канат Керезбековдун маалыматына ылайык, кароого тогуз жарандын талапкерлдиги келип түшкөн Алар: Тилектеш Бегалиев, Айбек Монолов, Назира Сопубекова (Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуштаган), Алтынбек Кубатбеков(“Республика-Ата Журт” фракциясы сунуштаган), Гүлжан Кошокова (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы сунуштаган), Алмаз Калбаев (“Ата Мекен” фракциясы сунуштаган).

Ал эми Судьялар кеңеши тарабынан Шералы Камчыбеков, Элмира Барктабасова жана Ирина Горшкова көрсөтүлгөн.

Талкуунун жыйынтыгында аталган талапкерлердин баарын Жогорку Кеңештин каросуна сунуштоо чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий