• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Судан: Россия элчисинин жансыз денеси өз резиденциясында табылды

Дүйнө 0

БИШКЕК, 24.08.17. /Кабар/. Россиянын Судандагы элчиси Миргаяс Ширинскийдин жансыз денеси өзүнүн резиденциясында табылды. Бул тууралуу Франс-Пресс агенттиги билдирди. Al Arabiya телеканалынын булактары элчинин сөөгү бассейнде табылганын кабарлашкан.

Бул маалыматты Россия ТИМи ырастап, бирок дипломаттын өлүмүнүн себептерин билдирген жок.

Reuters агенттигинин судан полициясындагы булактары Ширинскийдин ден соолугунда көйгөйлөр болгонун жана ал жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркап келгенин айтышты.

Пикир

Оставить комментарий