• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Суэц каналында тыгылып калган Ever Given кемеси чыгарылды

Дүйнө 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. 23-мартта Суэц каналынын кууш жерине тыгылып калган контейнер жүктөгөн Ever Given кемесин дүйшөмбү күнү эртең менен үчүнчү жолку аракеттен кийин чыгарууга мүмкүн болду.

Inchcape Shipping транспорт компаниясы Суэц каналында кыймыл качан калыбына келери белгисиз экенин кабарлады.

Соңку суткаларда суунун деңгээли улам көтөрүлүп, кумга терең матып калган кемени чыгарууга мүмкүн болбой жаткан. Жекшембиде операцияга кошумча чиркөөчү катерлер кошулган.

Bloomberg маалымдагандай, куткаруучу команда кеменин тумшугуна тыгылып калган 27 миң куб метр кум менен баткакты алып чыкты. Азыр буксирлер кемени өз нугуна коюп, каналдагы кыймылды калыбына келтирүүгө аракет жасоодо.

400 метр узундуктагы жана 220 миң тонна жүк көтөрө алган контейнер ташыгыч катуу шамаалдан улам кумга тыгылып, Суэц каналынын түштүк бөлүгүн тороп калган.

Натыйжада канал жабылып, 300дөй кеме тыгынга учураган. Айрым кемелер багытын өзгөртүүгө арасыз болгон.

Кызыл деңиз менен Жер Ортолук деңизди байланыштырган Суэц каналына дүйнөлүк жүк ташуунун 10 пайызы туура келет. Ever Given кырсыгынан кийинки чыгым 9 миллиар долларга бааланууда, мунай рыногунда баа 5% кымбаттап кеткен.

Allianz камсыздандыруу компаниясы Суэц каналынын бөгөлүшүнөн улам дүйнөлүк соода 230 млрд доллар жоготушу ыктымал экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий