• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сугат айдоо жерлерин которуунун убактылуу тартиби коомдук талкуу процедурасынан өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына “Кыргыз Республикасынын “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул мыйзамга ылайык трансформацияланган жерлер:

1) сугат айдоо жерлерин которууга (трансформациялоого) мораторий киргизилгенге (31.07.2009) чейин республиканын аймагында сугат айдоо жерлеринде курулган жеке турак үйлөр;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын тиешелүү чечимдери бар жер участоктору;

Бул мыйзамга ылайык, төмөнкү жерлер трансформацияланбайт:
1) эгерде трансформациялоого сунушталып жаткан жер участокторун которууга тиешелүү комиссиялардын терс корутундулары болсо;
2) экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин талаптарына жооп бербесе;
3) сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар болсо;
4) жана ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен аларга чектөөлөр болсо.

Бул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эки айлык мөөнөттө сугат айдоо жерлеринин жер участокторун трансформациялоонун Убактылуу тартибин иштеп чыгуу тапшырылган.

Азыркы мезгилде аталган Мыйзамды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын чечимдери бар, сугат айдоо жерлерин которууга (трансформациялоого) мораторий киргизилгенге чейин сугат айдоо жерлеринде курулган жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) Убактылуу тартибинин долбоору иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору 2018-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтына коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий