• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сугат иштери. Баткендин Арка айылында 2 насостук станция иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 03.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткен районунун “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайынын носостук станциясында маселелер бар. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Баткенде суу боюнча көйгөй жок эле.

“Ак-Сайдагы баш курулма (Головной) 3 өлкөгө суу берет. Ал суунун 37%ын Кыргызстан, 55%ын Тажикстан, 8%ын Өзбекстан пайдаланат. Апрель, май айларында биз андан суу албайбыз. Себеби кыш бою Төрткүл суу сактагычына 90 млн куб метр суу топтолот. Кыргызстан андан суу алат. Баш курулманын носостук станциясында маселелер бар. Ал жерге суу чарба кызматкерлер барганга мүмкүнчүлүк жок болуп жатат, биздин аскерлер уруксат бере элек. Негизинен суу берүү боюнча маселе жок”, - дейт ал.

Жаныбеков Арка участкасында 4 носостук станциянын экөөсүндө суу бериле баштаганын айтат.

“Баткен облусунда 64 миң 600 гектар айдоо аянты бар. Анын 4 миң 850 гектар жери айдалган. Жазгы талаа иштери 45 миң гектар жерге жүргүзүлмөк, анын 85%ы бүткөрүлдү. Жазгы буудай, арпа себилип бүттү. Жүгөрү кечирээк башталат. Жашылчалар 90%га айдалып бүттү”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий