• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сугат суу таңкыстыгын депутаттар беш сунушту кабыл алуу менен жеңилдете алат

Коом 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. 23-декабрда Ош шаарында өткөн «Ички ирригация жана сугат суу маселелери» боюнча конференциясында аталган көйгөй депутаттар, айыл жана суу чарбасына тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын, Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын, жана дыйкан чарбалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууга алынды. Ички ирригация маселесин каржылоодо мамлекеттин жоопкерчилигин кеңейтүүнү камтыган мыйзамдарга өзгөртүүлөр боюнча беш сунушту катышуучулар жыйынтыктоочу резолюцияда кабыл алып, депутаттар менен өкмөткө жолдоду.

Жыйында демилгелүү топтун мүчөсү "Bio-KG" органикалык кыймылынын федерациясынын директору Искендербек Айдаралиев бул өтө орчундуу маселе экендигин, ал чечилбесе элет элинин жакырчылыктан чыгуусу оор болоорун айтты.

“Ички чарбалык сугат каналдарынын башкаруу системасын оңдоп, дыйкандарга толук кандуу суу жеткирүү маселесин карап жатабыз. Ички чарбалык каналдардын абалы начар болгондугунан 60 пайызга чейинки суу жерге сиңип кетип, болгону 40 пайызы дыйканга жетип жатат. Мунун себеби мурда реформа болгондо ирригациялык каналдар тышкы чарбалар аралык жана ички чарбалык каналдар болуп экиге бөлүнүп калган. Тышкы чарбалар аралык каналдар мамлекеттин карамагында калып, ал эми. ички каналдар жаңы түзүлгөн Суу пайдалануучулардын ассоциацияларынын (СПА) карамагына өтүп, 100 пайыз дыйкандардын моюнунда калган”, – дейт Айдаралиев.

Анын айтымында акыркы жолу 1970-жылдары оңдолгон бул каналдарга жетиштүү акча жумшалбаган. Дыйкандар толук кандуу суу албагандан кийин, төлөмдөрү да начар болуп жатат. Кээ бир гана СПАлар 40-60 пайыз төлөмдөрдү чогулта алат, алар эң жакшы деген ассоциациялар, ал эми көбүндө төлөмдөр чогултулбайт. Ал чогултурган каражаттар ошол СПАларды иштеткен кызматкерлерге гана жетип, бирок ремонттоого такыр жетишпейт.

“Мамлекет тарабынан республикалык же жергиликтүү бюджеттен акча каралганга бүгүнкү күндөгү мыйзамдар жол бербейт. Андыктан бир нече мыйзамдарга биз өзгөртүү-толуктоолорду сунуштап, Жогорку Кеңешке алып чыгайын деп жатабыз. Эгерде ал сунуштаган толуктоолор кирип калса, анда республикалык да, жергиликтүү бюджеттерден да каржылоого жол ачылат. Анын негизинен үч тараптан акча каражат каралып калса, андан тышкары мамлекет аркылуу донорлордон келген акчалар да каралып калса, бир нече убакыттан кийин ички чарба каналдарынын акыбалы да оңолуп калат деп ойлойм”, – дейт Искендербек Айдаралиев.

Бул мыйзам долбоорлору атайын Ички ирригация маселелери боюнча түзүлгөн Демилгелүү топ тарабынан өткөрүлгөн талкуулардын жана изилдөөлөрдүн негизинде даярдалып, учурда Жогорку Кеңешке да өткөрүлүп берилген. Алар бул ички ирригация маселесинде мамлекеттин жоопкерчилик чөйрөсүнүн кеңейтилүүсүн, аларды каржылоо булактары көбөйүүсүн, тандоо укук жергиликтүү коомчулукта болоорун, дегеле Суу пайдалануучулардын милдеттерди аткаруу жоопкерчилиги аныкталаарын, жана ошондой эле төлөмдөрдү эсептөө ыкмасын мамлекеттик орган көзөмөлдөөсүн камтыйт.

Конференциянын катышуучуларынын айтымында СПАлар ички чарбалык ирригациялык тармактарды пайдалануу жана тейлөө боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин өз алдынча аткара алышат деген күтүлүүлөр толугу менен орундалган жок. Себеби сугат сууну дыйкандарга жеткирүүдө жана ички чарба ирригациялык тармактарды пайдаланып- тейлөөгө керектелген каражаттар жетишсиз. Андан тышкары, донордук жардамдын эсебинен ондолгон ички чарбалык ирригациялык тармак туруктуу тейлөөсү жок болгондуктан жакынкы арада эле жараксыз абалга келүү коркунучу бар деп айтышууда.

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча эксперт Асылбек Чекиров ушул сунуштардын ичиндеги тарифти эсептөө ыкмасы керектигин билдирди.

“СПАлар сугат суу тарифин элдин добушу менен чогулушта бекитет. Бирок тариф – бул экономикалык термин, ага атайын эреже бар. Биздин айтып жатканыбыз, аны эсептөө эрежесин өкмөт бекитиши керек. Ал эми эсептөөсү менен бекитүүсүн СПАлар өздөрү бекитет, биз буга каршы эмеспиз. Добуш менен бекитип жатканда эл эч качан тарифти көтөрбөйт, көп жылдардан бери тариф өзгөрбөй келет, андыктан ички сугат каналдарынын абалдары начар болуп келет”, – дейт Чекиров.

Конференциянын катышуучулары Жогорку Кенешти, Өкмөттү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коомду суу пайдалануучулар ассоциацияларын сугат суу башкаруу системасын өркүндөтүү жана сугат суу көйгөйлөрүн чечүү максатында сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу багытында болгон күч аракеттерди бириктирүүгө жана ишти алып барууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий