• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Суицидге барган эки аял кыргызстандык экенин ТИМ четке какты

Коом 0

Бишкек, 30.08.17. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы саясат башкы ведомствосу өз жандарын кыйган аялдар кыргызстандык экени тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу Facebook баракчасында КР ТИМ расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын айтымында, кечээтен бери социалдык тармактарда жана айрым кыргыз ЖМКларында маалымат менен видеоролик жайылууда. Анда Түркиянын Анкара шаарында жигит талашкан эки кыргызстандык аял өз өмүрлөрүн кыйганы айтылат.

Кулукеева бул маалыматты түнү менен талдап чыкканын кошумчалайт. Анын айтымында, видеону көрүп, ал дүйнөнүн 30 шаарындагы Кыргызстандын консулдуктарына кайрылып чыккан.

“Алар видеону талдап чыгышып, мындагы окуя бир нече апта мурда Индонезияда болгонун аныкташты. Муну аныктоого видеодогу унаалардын мамлекеттик номерлери себеп болгон”, - деп билдирди Кулукеева.

34 жана 28 жаштагы бир тууган эже-сиңди көп кабаттуу үйдөн секирип каза болушкан. Алардын бир тууганынын айтымында 2006-жылдан бери алар психикалык ооруга чалдыгып жүрүшкөн.

Кулукеева чет жакта иштеп, окуган кыргызстандыктар көп экенин эскертип, ЖМКларга жана соцтармактардын колдонуучуларына маалыматты жарыялоонун алдында жакшылап текшерүүлөрү керектигин айтат.

Пикир

Оставить комментарий