• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Суицидке барган кызды каза болгондон кийин видеого тарткан милиционер кызматтан четтетилди

Коом 0

Бишкек, 29.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыздын суицидке баргандан кийинки видеосун телефонго тарткан милиция кызматкери ээлеген кызматынан четтетилди. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Ведомствонун берген маалыматына ылайык, чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

Эске сала кетсек, күн мурун Бишкектеги Биринчи май райондук ИИБнин жетекчилиги кызматкерлер арасында кызматтык тартип бузулган фактыны аныктаган. Милициянын лейтенанты Ж.У. ыкчам-иликтөө иш-аракетинин жүрүшүндө телефонго видео тартып, аны социалдык түйүндөр аркылуу жайылткан. Бул кызматтык тартипти одоно бузуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий