• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сулайман-Тоо аймактык кеңешинин жашоочуларынын жер титирөө учурунда алгачкы аракеттери текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. 2018-жылдын 19-апрель күнү КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы жана Улуттук «Кызыл Ай» коому менен биргеликте Ош шаарынын №3 «Сулайман-Тоо» аймактык Кеңешинин Кол өнөрчүлөр көчөсүндө машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Машыгуу жергиликтүү тургундардын жер титирөө учурунда жүрүм турум аракеттерин текшерүүгө багытылган. Кырсык болгон убакта коопсуз жайга эвакуациялануу, жабыркагандарга алгачкы дарыгерге чейинки медициналык жардам көрсөтүү, аймактык Кеңештин жетекчилик курамынын аракети, аймактык кеңеште түзүлгөн ыктыярдуу куткаруучу топтордун куткаруучулардын даярдыгына баа берүү.

Машыгуунун жыйынтыгында калктын даярдык деңгээлдери бааланып, келип чыккан кемчилдиктер боюнча КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын тийешелүү кызматкерлери тарабынан айтылып, мышыгуунун катышуучуларына жеринде жарандык коргонуу жаатында окуу өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий