• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Сулайман-Тоо” музейинин жаңы директору дайындалды

Кадр саясаты 0

Ош, 28.05.18. /Кабар/. Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” музей комплексинин директору болуп журналист-тарыхчы, этнограф жана коомдук ишмер Султан Абдырахманов дайындалды.

Абдырахманов 26-майда музейдин жалпы жамаатына тааныштырылган. Ал мурда ЭлТР улуттук телерадиокомпаниясында иштеп, ал жерде тарых боюнча берүү алып барчу.

Музейдин мурдагы башчысы Абдыкайым Кангелдиев музейдин жамааты менен болгон чырдан улам кызматтан кеткен.

Мурда 2018-жылдын февраль айында музейдин 30 кызматкери директор Абдыкайым Кангелдиевди жана профсоюздун жетекчисин кызматтан алуу боюнча акция өткөрүшкөн. Анда кызматкерлер орой мамиле жана өздөрүнүн укуктары бузулуп жаткандыктарын айтып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий