• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Сулайман тоо” тасмасы Омск шаарындагы VI ”Кыймыл” фестивалында гран-при утуп алды

Маданият 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Омск шаарында алтынчы улуттук кинодебюттарынын “Кыймыл” фестивалында “Сулайман тоо” тасмасындагы аялдын мыкты ролу үчүн Перизат Эрманбетова байге утуп алды.

Россиялык ЖМКлар жазгандай, ошондой эле режиссёр Елизавета Стишованын тасмасы фестивалдын гран-присин утуп алган. Бул фильм бир адамдын жана анын эки аялынын жашоосу тууралуу. Алар Кыргызстанда жашашат. Үй-бүлөдө илгерки каада-салттар заманбап жашоо менен айкалышып турат.

Фильм көрсөтүлгөн соң статуэтканы, дронду жана сертификатты “ТВЗ” каналынын эфиринде фильмдин продюсери Елена Яцурого тапшырышкан.

“Омскиге көңүл буруп карагандыгы үчүн рахмат. Силердин чөйрөңөр аябай жакшы экен, силерге баруу да жагымдуу болду”, - деди продюсер Елена Яцуро.

Пикир

Оставить комментарий