• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бак-дарактар кыйылып, айрымдарына суу жетпей калган. Сулайман-Тоодо рейд өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 30.10.21. /Кабар/. Ошто Сулайман-Тоодо рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай текшерүүгө Сулайман-Тоодо бак-дарактар кыйылып, суу жетпей куурап жатат деп кайрылган жарандын арызы боюнча түрткү болгон.

Рейдке КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Экология жана ӨКМ кызматкерлери катышты.

Текшерүү учурунда Сулайман-Тоодо бак-дарактар кыйылып, айрымдары суугарылбай куурап жатканы, ошондой эле Сулайман-Тоонун тазалыгына, чарбалык жумуштарына жана өрт коопсуздугун сактоодо жумуштар аткарылбай жатканы аныкталды.

Эми текшерүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, Сулайман-Тоо археологиялык музей комплексинин жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий