• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды

Кырсык 0


Бишкек, 25.06.22. /Кабар/. Ош шаарында Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-июнда саат 19:27де ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматына Сулайман-Тоодо кыз жардан боюн таштоого аракет кылып жатканы боюнча маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, өз жанын кыюуга аракет кылган кызды альпинисттик куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман сактап калышты.

Такталган маалыматка ылайык, куткарылган кыз 27 жаштагы Төлөйкөн айылынын тургуну экендиги аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий