• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сулайман-Тоонун айланасындагы таштандылар тазаланды

Аймак 0

Ош, 02.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында 1-октябрда “Ак жоолукчан айымдар – таза шаар үчүн” акциясы өтүп, ага жаш келиндер, аялдар жана Ош шаарынын жаштары катышкан.

Иш-чара борбордук Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан Алымбек Датканын эстелигинин жанынан башталган. Кайдыгер карабай топтолуп келген шаар тургундары үчүн алгач концерттик программа уюштурулуп, андан соң таштанды чогултуу үчүн шаймандар берилген.

Акциянын жүрүшүндө Сулайман-Тоо тоосунун айланасындагы таштандылар толугу менен тазаланган. Иш-чара 5-октябрда белгиленүүчү Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган. Акцияга бардыгы болуп 100 жакын адам катышкан.

Пикир

Оставить комментарий