• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Сулайманкул Атакулов, Тыныбек Бекешов, Аида Сейдакматова Жогорку соттун судьялыгына шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн Атакулов Сулайманкул Солтонкуловичтин, Бекешов Тыныбек Рахманбердиевичтин, Сейдакматова Аида Асанбековнанын талапкерлиги каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аларды депутаттарга президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматов тааныштырды.

Жабык электрондук добуш берүү жыйынтыгында депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен Сулайманкул Атакулов, Тыныбек Бекешов, Аида Сейдакматова КР Жогорку сотунун судьялыгына шайланды. Жаңыдан шайланган судьялар парламентте ант беришип, расмий түрдө өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришишти.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жалпы депутаттардын атынан алардын ишинде ийгиликтерди каалоо менен бирге, аларды өз ишине жоопкерчилик менен карап, мыйзам алкагында калыс чечимдерди чыгарууга чакырды.

Белгилей кетсек, Жогорку Соттун судьясы парламентте ант берген соң, расмий түрдө өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий