• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сулайманкулов Арзымат Жапарович – Некролог

Коом 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Коомдук жана мамлекеттик ишмер Сулайманкулов Арзымат 68 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Сулайманкулов Арзымат Жапарович 1952-жылы Чүй облусунун Кант районундагы Жарбашы айылында туулган.

1969-1975-жылдары Москва шаарындагы Н.Э. Бауман атындагы жогорку техникалык окуу жайында Өндүрүштүк процесстерди автоматташтыруу жана механизациялаштыруу факультетинде билим алган. Андан кийин 1988-жылы Алма-Ата шаарындагы Жогорку партиялык мектепти окуп бүтүргөн.

Эмгек жолун 1975-жылы Фрунзе шаарындагы В.И. Ленин атындагы заводдо инженер-технолог, цехтин начальнигинин орун басары, профкомдун төрагасы кызматтарын иштөө менен баштаган.

1981-1983-жылдары комсомолдун Кыргызстан ЛКЖС Фрунзе шаардык комитетинин биринчи секретары; 1983-1985-жылдары Фрунзе шаарынын партиянын Октябрь райондук комитетинин экинчи секретары; 1985-1988-жылдары В.И.Ленин атындагы станок куруу заводунда парткомдун секретары; 1988-1991-жылдары Фрунзе шаарынын Ленин райондук комитетинин биринчи секретары; 1991-жылы Кыргызстан компартиясынын экинчи секретары; 1991-1992-жылдары “Инверс” илимий техникалык борборунун илимий кеңешчиси; 1992-1994-жылдары “Ротор” автоматтык линияларынын конструктордук бюросунун директору; 1994-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Өнөр жай жана соода министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

2000-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Өнөр жай жана соода министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьери, 2003-2008-жылдары Токмок шаарынын мэри кызматтарында иштеген.

1991-1994-жылдары легендарлуу паламенттин депутаты катары мамлекетибиздин тарыхый чечимдеринин кабыл алынышына катышкан.

Сулайманкулов Арзымат Жапарович кандай гана ишти аркалабасын ишти ийине жеткире аткарып, башкалардан да өз милдеттерин так аткарууну талап кыла билген. Улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй жасаган мамилеси аркылуу эл арасында кадыр-баркка жетишкен.

Арзымат агабыздын өтөлгөлүү өмүр жолу, жаркын элеси дайыма эсибизде болот.

Арзымат Жапарович дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жээнбеков С.Ш., Жумабеков Д.А., Абылгазиев М.Д., Боронов К.А., Мадумаров А.К., Асрандиев Э.Ш., Өмүрбекова А.С., Марипов У.А., Кылжыев С.А, Айдарбеков Ч.А., Жунушалиев К.А., Жаманкулов М.Т., Жеенбаева Б.Ж., Чодуев Э.К., Аскаров З.М., Бейшенов Ж.С., Чолпонбаев К.С., Жаманкулов А.К., Тердикбаев Э.К., Осмонбетов Э.К., Бейшенов Ж.С., Исаков К.А., Опумбаев О.Н.,
Абдылдаев М.Ю., Жетигенов Б. Ж., Исаев К.К., Самаев У.О., Жумагулов А.Ж., Шеримкулов М.Ш., Керимкулов М., Какеев А.Ч., Полишев В. И., Усенбаев У.Э., Ибрагимов А.Р., Тентишев Э.С., Кудайбергенов Б.Ж., Чыныбаев А.Ч., Кененбаев Б.О., Шаршенов О.Ш., Алымкулов К.А., Намазалиев А.А., Амангельдиев Д.Ж. ж.б.

Маалымат үчүн: маркумду узатуу зыйнаты Чүй облусунун Токмок шаарында 2020-жылдын 14-мартында саат 10:00дө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий