• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Султан Ибраимов элдин жүрөгүндө эчак эле Элдик баатыр болуп калган – президент

Президент 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. «Султан Ибраимов элдин оюнда, жүрөгүндө эчак эле Элдик баатыр болуп калган. Тилекке каршы, бул наамды ага расмий ыйгарууга 2017-жылы кабыл алынган мыйзам жол бербейт экен. Султан Ибраимовдун кыргыз мамлекети үчүн жасаган эмгегин татыктуу баалоо иретинде, кийинки муундун урмат-сыйын билдирүү максатында мен Султан Ибраимовго „Кыргыз Республикасынын Баатыры“ ардактуу наамын ыйгаруу туура болот деп эсептеймин. Ал үчүн депутаттардан мыйзамга тийиштүү өзгөртүү киргизүүнү өтүнөт элем. Парламент каршы болбойт деп ишенем. Мыйзам кабыл алынса, тийиштүү Жарлыкка кол койгонго мен даярмын», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.

"Султан Ибраимов кыска, бирок мазмундуу өмүрүндө чолпон жылдыздай жанып, кыргыз эли кылымдарга сыймыктангыдай мурас калтырды. Мезгил өткөн сайын анын аброю улам артып, зоболосу бийиктеп бара жатат. Бүгүн биз бул салтанатка кыргыздын чыгаан уулу, Султан Ибраимовдун жаркын элесине таазим этип, бийик урматыбызды билдирүү үчүн чогулуп олтурабыз. Кыргызстандын соңку тарыхына ысымы алтын тамга менен жазылып калган Султан Ибраимовдун өмүрү, басып өткөн жолу, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө кошкон салымы ар бирибиздин жүрөгүбүздө бекем сакталып турат", - деп билдирди мамлекет башчысы.

Султан Ибраимовдун таржымалы жана өмүр баяны баарыбызга кеңири маалым. Элдин арасынан чыгып, эл менен болуп, жер менен сырдашып, жер менен иштеген.

Султан Ибраимов чыныгы адал эмгек, түмөн түйшүк менен жашаган чыныгы элдик адам болгон. Ал кыргыз элинин маңдайына бүткөнтуу чокудай адамдык зоболосу бийик улуу инсан.

"Ал эмгек жолун карапайым жумушчудан министрге, өлкөдөгү эң ири областын биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасына чейинки татаал жана даңктуу жолду басып өттү", - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий