• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Султан Раев ТМККга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммити тууралуу айтып берди

Коом 0


Бишкек, 03.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммити болуп өттү.

Бейформал саммитке Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын туңгуч президенти жана Түрк кеңешинин Ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Ошондой эле байкоочу-өлкө катары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышты.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Султан Раев "Ала-Тоо 24" каналына бейформал саммиттин мааниси, анда кайсы актуалдуу маселелер талкууланды, түрк мамлекеттеринин инвестициялык фонду тууралуу кеңири айтып берген.

Пикир

Оставить комментарий