• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Султан Жеңишбеков жаштар арасындагы олимпиадада дзюдо боюнча коло медаль утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Дзюдочу Султан Жеңишбеков Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте өтүп жаткан жаштар арасындагы жайкы олимпиада оюндарында коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу оюндардын расмий сайты кабарлады.

Спортчу буга чейин жеке эсепте күрөшүп, бразилиялык жана тажикстандык спортчулардан жеңилип калган.

Аралаш командалардын арасында ал Рио-де-Жанейронун курама командасынын курамына кирген. Анын жанында Косово, Тажикстан, Түркмөнстан, Россия, Алжир, Словения, Бурундиден келген спортчулар болгон.

Биринчи оюнда алар “Сиднейди” 3:4 эсебинде утушкан. “Атлантаны” 5:4 эсебинде утушуп, финалда “Афиныга” 3:5 эсебинде утулуп калышкан.

Ошентип “Рио-де-Жанейро” жаштар арасындагы олимпиадада үчүнчү орунду алышкан.

Пикир

Оставить комментарий