• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналып футбол боюнча турнир өтөт

Коом 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү ортосунда журналист, коомдук ишмер, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналып футбол боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

12-октябрда өтө турган ынтымак турнири Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун колдоосу менен өтмөкчү.

Турнирге жалпысынан 10 команда катыша тургандыгы кабарланды. Спорттук иш-чара Футбол федерациясынын оюн талаасында (Бишкек шаары, Медеров көчөсү 1«Б») саат 08:30да башталат.

Жазуучу, журналист, котормочу Султанбек Жумагулов узакка созулган катуу оорудан кийин 60 жашка караган курагында 2018-жылдын 8-октябрында дүйнөдөн кайткан.

Султанбек Жумагулов 1959-жылы 1-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунундагы Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган соң, 1981-жылдан тартып, ал республикалык «Ленинчил жаш» (кийинчерек – «Жаштык жарчысы», «Асаба») гезитинин редакциясында иштеген. 1991-жылдан тартып, башкы редактордун орун басары катары алгачкы республикалык парламенттик «Эркин Тоо» гезитинин калыптанышына чоң салым кошкон. 1993-2013-жылдары «Kyrgyzstan Chronicle», "Асаба" гезиттеринин редакцияларында, BBC радиосунун Дүйнөлүк кызматынын кыргыз редакциясында иштеп, ошол эле учурда согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Улуу Британия институту менен кызматташкан. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын эксперттик-аналитикалык кызматын жана «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросун жетектеген. 2013-жылы – «ЭлТР» коомдук телерадиокомпаниясынын директорунун милдетин аткаруучу. 2014-жылы – Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору болгон. Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси болуп иштеген.

Султанбек Жумагулов 2017-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий