• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Султанбаев эмне үчүн атамекендик "Белестин" эмес, Кытайдын автобустары сатылып алынгандыгын түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 31.01.23./Кабар/. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу шаар тургундары үчүн эмне себептен атамекендик "Белес" компаниясынын эмес, Кытайдын автобустары сатылып алынгандыгын түшүндүрдү.

Анын айтымына караганда, Кытайдан сатып алынган 120 жүргүнчү ташуучу автобус газ менен жүрөт.

"Учурда "Эмнеге чет жактан алабыз, атамекендик "Белес" компаниясынын автобустарын алса болбойбу" деген пикирлер да бар.

Аталган жергиликтүү компания унутта калтырылган жок. "Белес" менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш унааны сатып алуу меморандумуна кол койгон.

Аталган компания азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык таза транспортко (газ жана электроэнергия менен жүргөн) артыкчылык берүүдө.

Анын үстүнө, учурда "Белес" компаниясында массалык түрдө, 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок.

Ошондуктан, учурда "Белес" компаниясы газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат, андан соң мэрия компаниянын автобустарын сыноо үчүн алат", – деген Султанбаев эртең автобустарды тапшыруу аземи өтө тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий