• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Султанбаев: Президент кырдаалды көзөмөлдөп, тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө

Президент 0

Бишкек, 17.09.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги учурдагы кырдаалды көзөмөлгө алууну улантып, чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал маалымдагандай, зарыл маалыматтар бардык түзүмдөрдөн туруктуу негизде келип турат. Министрлер кабинетинир төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жеринде жүрүшөт.

"Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен ар кандай деңгээлдеги жаракат алгандарга зарыл жардам көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Өзгөчө оор абалдагылар Бишкек жана Ош шаарларындагы медициналык мекемелерге аба транспорту жана унаалар менен которулууда.

Ошондой эле, тийиштүү мамлекеттик органдарга коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөн тургундарды тиешелүү шарттар менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Мезгил-мезгили менен тажикстандык аскер кызматкерлери тарабынан аткылоо жүргүзүлүүдө. Ошого карабастан жалпы күч-аракеттер менен аткылоону толук токтотууга жана маселени тынчтык жол менен чечүүгө аракет көрүлүүдө.

Күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери оор техникаларды жана аскер кызматкерлерин туруктуу жайгашкан жерлерине толук алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий