• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Султанбаев: Президент менен жолугушууга киргизилбей жатат деген билдирүүлөр чындыкка дал келбей

Коом 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Өзгөндө жергиликтүү тургундар президент Садыр Жапаров менен жолугушууга киргизилбей жатат делип тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Белгилей кетсек, президент бүгүн. 4-октябрда Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда.

"Жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чек ара, ошондой эле "Кемпир-Абад" суу сактагычынын маселелери боюнча кеңири маалымат берилүүдө. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип жатат", - деди Султанбаев.

Президенттин маалымат катчысы жолугушууга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары катышып жаткандыгын кошумчалады.

"Мамлекет башчысы менен жолугушууга жергиликтүү тургундар киргизилбей жатат делип тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бардык каалоочулар этап-этабы менен жыйындар залына киргизилүүдө", - деп баса белгиледи Эрбол Султанбаев.

Пикир

Оставить комментарий