• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Султанбаев Солтон-Сары кени тууралуу: Жергиликтүүлөргө жыл сайын 50 млн сом кенемте төлөнөт

Коом 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кен жайына байланыштуу билдирүү жазды.

Анын айтымына караганда, президент Садыр Жапаров ушул жылдын июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жерди өз көзү менен көрүп, абал менен жакындан таанышып келген.

"Жергиликтүү эл менен жолуккан. Элдин: "Жол салып атышат, жаратылышыбыз талкаланат", - деген үнүн уккан.

Бирок өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган. Ошондуктан, мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбастан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди. Ошол эле маалда компания тараптан жергиликтүү жашоочулар үчүн, азырынча, жыл сайын 50 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турган болду. Алтын чыга баштаганда бул сумма эселеп көбөйтүлөт деп макулдашылды", - деди ал.

Султанбаев кошумчалагандай, андан тышкары, мамлекеттин үлүшү дагы киргизилмей болду. Кенди иштетүүдө цианид колдонулбайт. Алтын Кара-Балтада аффинаждалат.

Пикир

Оставить комментарий