• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Султанбекова: «Бала асырап алуу тутумунда коррупциялык тобокелдиктерди жоюу зарыл»

Өкмөт 0

Бишкек, 10.01.18. /Кабар/. «Бала асырап алуу тутумунда коррупциялык тобокелдиктерди жоюу зарыл», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 10-январда, баланын үй-бүлө чөйрөсүнө, жетим балдарды асырап алууга карата укугун ишке ашыруу жаатындагы тутумду өркүндөтүү маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, Коопсуздук кеңешинин, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Вице-премьер-министр адамдык факторду четтетүү менен, балдарды асырап алуу тутумундагы коррупциялык схемаларды жоюу зарылдыгын белгиледи.

«Балдарды асырап алууга байланыштуу маселелерди жөнгө салуу максатында Өкмөт тарабынан улуттук деңгээлде баланы жана үй-бүлөнү колдоого алуу, баланы асыроого берүү жана мамлекеттик маалыматтар банкын жүргүзүү бөлүмдөрүнүн иш тартибин аныктаган бир катар жоболор кабыл алынган. Тажрыйба көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө Кыргызстанда улуттук деңгээлде бала асырап алууну каалагандардын саны өсүүдө, өз кезегинде ал ар дайым эле жеткиликтүү жана ачык-айкын болбой жатат. Натыйжада, баланын үй-бүлө чөйрөсүнө карата укугунун ишке ашырылышына тоскоолдуктар жаралып, балдар үйүндөгү жана интернаттардагы балдардын санынын жогорулашына алып келүүдө», - деди Чолпон Султанбекова.

Белгиленген көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик органдар жана кызыкдар тараптын ишмердүүлүгүндөгү улуттук бала асыроо маселеси боюнча абалды кыска мөөнөттө тыкыр талдоого алуу чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, улуттук бала асыроо маселесин жөнгө салган мыйзам базасын коррупцияга каршы экспертизадан өткөрүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий