• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Султанов: Кыргызстан – Тажикстан оюнунда эмоцияга алдырып, бөтөлкө ыргытам дегенден алыс бололу

Спорт 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султанов BBC кыргыз кызматына маек куруп жатып жалпы күйөрмандарды алдыдагы оюнда эмоциясын кармоого чакырды.

Султанов Кыргызстан менен Тажикстандын оюну кызык беттештердин бири болорун айткан.

“Негизи эле кошуна өлкөлөр менен ойногондо бир топ кызык болот. Футболчулар эле эмес, андан чоң эл ойноп жаткандай болот. Ошондон улам футболдо “Борбор Азия дербиси” деген түшүнүк бар. Ошондуктан эмоцияга алдырып, кыйкырган бойдон талаага чуркап чыгам же кайсы бир футболчуга кол тийгизем, тээп жиберем, бөтөлкө ыргытып салам деген ойлор болбошу керек. Мен муну күйөрмандардан дагы суранам. Анын эч кандай кереги жок. Себеби анын айынан биздин федерация убара тартып калышы, керек болсо кийинки оюндарды көрсөтө албай калышы ыктымал. Ошонун баарын алдын алып, футболго майрамдагыдай келип, майрамдагыдай кетиңиздер деп кайрылат элем", - деген ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-июнда саат 21:00дө Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий